Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу фракция лидери Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасында видео билдирүү жасады. Депутат бул боюнча пост жазып:
«Биз Айыл-чарба министрлигине жаш кадр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайлы деп чечтик. Жаңы көз караш, жаңыча ой жүгүртүү бул тармакты өнүктүрүүгө жол ачат», — деген.
«Жашыл чарба» агрохолдингинин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айыл чарба министринин кызматына даяр экенин билдирип, өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн.