Connect with us

Премьер-министр: «Коопсуз шаар» долбоору жол кырсыктарын кыйла азайтты

Кыска кабар | 16 Май 2019 | 708 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр өкмөт адистер командасынын күчү менен «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү ишке ашыра алганын, жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны эки эсеге, жол кыймылынын эрежесин бузуулардын саны үч эсеге кыскарганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору бардык эле баштоолор сыяктуу сын-пикирлерди пайда кылганын айтты.

«Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө кайсы бир талаштуу жагдайлар келип чыгууда. Бул — боло турган көрүнүш. Алсак, буга чейин унааларын үчүнчү жактарга ишеним кат менен саткан жарандар унаанын азыркы ээси тарабынан жасалган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды алышууда. Бул маселени биротоло чечүү керек. Бардык жарандарды дагы бир ирет ишендирип кетким келет — «Коопсуз шаар» эл үчүн, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн жана саламаттыгын сактоо үчүн иштейт», — деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга «Коопсуз шаар» долбоорунун кийинки этаптарын сапаттуу даярдоо жана ишке ашырууну камсыздоо боюнча маселелерди өз убагында чечүүнү тапшырды.

Маалымдама: «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тарта Бишкек шаарында жол кырсыктарынын саны 3,4 %га, каза болгондордун саны – 68,8 %га, Чүй облусу боюнча 3,8 %га жана 37 %га кыскарган.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча пландаштырылган иш-чаралар мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында видеокөзөмөл камералары менен 38 көчө кесилиши жана 4 ылдамдык чектери жабдылган. Мындан тышкары, Чүй облусунда 48 стационардык жана 20 көчмө  аппараттык-программалык комплекс орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM