Биз менен байланышыңыз

Венесуэла: Мадуро офицерлерди кызматтан четтетти

Дүйнө , Кыска кабар | 9 мая 2019 | 587 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро мамлекеттик төңкөрүшкө байланыштуу бир катар офицерлерди өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарынан чыгаруу жана алардын аскердик даражаларын төмөндөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Gaceta Oficia басылмасынын маалыматына ылайык, мындай офицерлердин катарында Улуттук гвардиянын подполковниги, акыркы айларда Улуттук коопсуздук боюнча оппозициялык ассамблеяны  жетектеген Ильич Санчес, SEBIN чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси, дивизиянын генералы Мануэл Фигер, ошондой эле, 5  подполковник, 4 майор, 4 капитан, 6 лейтенант жана 35 сержант бар.

Эске салсак, 30-апрелде Венесуэлада оппозиция төңкөрүш уюштурууга аракет кылган.

Copyright © 2017 Maral FM