Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 1283 | 0

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эс алуу багына таш таман (бурсчатка) басуу 90 %га аткарылды. Парктын кире беришиндеги тепкичтер толук жаңыланып, коляска менен жүрүүчү жарандар үчүн пандустар курулду. Ошондой эле, кесе кармаган кыргыз аялдын айкели тургузулуп, айкелдин айланасына фонтан орнотулду. Улуу Жибек жолундагы кыргыз көчүнүн элесин чагылдырган түстүү таштардан мозаика басуу иштери да жүрүп жатат.

Мындан тышкары, түнкү жарыктандыруу иштери жүрүп, видеокөзөмөл камералары орнотулган. Жүрүп жаткан иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ошондой эле, Ош шаарындагы «Дархан» компаниясы 25 отургуч орнотуп берилди. Быйылкы жылы эс алуу багын оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктайт.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери сапаттуу жүрүшү керектигин айтып, шаардыктар үчүн өзгөчө парк болорун билдирди.

«Курулуштун сапатына көңүл бургула. Эски парктардай окшош дизайнда жасалбашы керек. Өзгөчө кооз инсталляциялар, өзгөчө жана сапаттуу отургучтар орнотулат. Максат тез бүтүрүү эмес, сапаттуу бүтүрүү. Токтогул паркы өзгөчө эс алуу жайына айланат», — деди мэр.

Токтогул Сатылганов атындагы парк 1919-жылы негизделип, 9 гектар аймакты камтыйт.

Copyright © 2017 Maral FM