Биз менен байланышыңыз

Зеленскийди колдойбуз дегендердин саны 73 %га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 530 | 0

Украинадагы президенттик шайлоодо Владимир Зеленскийди шайлоону пландап жаткандардын саны бир жумада 12 %га өсүп, 73 %га жеткен. Ал эми учурдагы президент Петр Порошенкону шайлоодо колдойбуз дегендер 25 %ды түзгөндүгүн «Рейтинг» социалдык группасынын изилдөөлөрүнө таянып РИА новости маалымат агенттиги билдирди.

31-мартта өткөн шайлоонун биринчи турунда талапкерлердин бири да 50 %дык добуш алган эмес.

Экинчи тур 21-апрелде өтөт. Анда Владимир Зеленский менен Петр Порошенко ат салышат.

Эске салсак, бугу чейинки «Рейтинг» социалдык тайпасынын изилдөөлөрү боюнча Зеленскийди колдоочулар 61 %ды түзгөн, ал эми Порошенкону колдогондор болгону 24 %ды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM