Биз менен байланышыңыз

Пакистанда жамгырдын айынан 40ка жакын киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 528 | 0

Пакистандын бир канча аймактарында кара жамгыр төктү. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 135 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу «Geo TV» телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, катуу жамгыр Белужистан, Пенжаб жана Хайбер-Пахтунхва аймактарынан 80ден ашык турак жайды кыйраткан.

Белужистан аймагында суу ташкындап, акыркы 4 күн ичинде 11 адам каза болуп, 8 киши жабыркаган.

Пакистандын башкы министри Пенжаба Сардар Усман Хан Буздар калкка жардам берүү үчүн бардык аракетти жумшаарын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM