Биз менен байланышыңыз

Судандын армиясы президентти отставкага кетирди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 847 | 0

Судандын армиясы президент Омар аль-Баширдин бийликтен четтетилгендигин маалымдады. Бул тууралуу Судандын коргоо министри Авад бен Ауф Судандын мамлекеттик телеканалындагы берүүдө билдирген.

Ошондой эле учурдагы бийликтин тараганын, конституцияны токтотуп туруу жана өлкөдө үч айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаалдар абалын киргендиги белгилүү болду. Мындан сырткары, Суданда бир ай коменданттык саат киргизилет.

Кошумчалай кетсек, 11-апрелде Суданда аскердик төңкөрүш баталганын Ura.ru сайты жазып чыккан.

 

Copyright © 2017 Maral FM