Биз менен байланышыңыз

Президент апрелде Германияга, Кытайга барат

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 571 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн 11-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаев журналисттерге билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчысы катары Германияга биринчи жолку расмий иш сапары апрель айынын ортосуна пландалган. Иш сапарда президент аталган өлкөнүн Мюнхен, Берлин шаарларында болуп, Германия өлкөсүнүн жогорку жетекчилиги менен расмий жолугушууларды өткөрөт. Мындан сырткары бизнес-форумга катышат.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун расмий сапарынын алкагында Германиядагы мекендештерибиз менен жолугушуусу да каралган.

Президент Жээнбеков апрель айынын аягында Кытайга жумушчу сапар менен барат. Бул иш сапар Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын чакыруусу менен уюшутурулууда. Өлкө башчысы «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы иш-чарага катышып, расмий өкүлдөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Мамлекет башчысы ошондой эле, багбанчылык боюнча «Экспо-2019» көргөзмөсүнө катышат.

Copyright © 2017 Maral FM