Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден-соолукту чыңдоочу комплекстерди жеке менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында билдирди.
«Таш-Рабат», «Сулайман-Тоо», «Санташ», «Жыргалаң», «Ысык-Ата» сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден-соолукту чыңдоочу комплекстерди жеке менчикке өткөрүп берүү зарыл деп эсептейм. Биз бул объекттер мамлекеттин кызыкчылыгында натыйжалуу иштешин каалайбыз. Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Абылгазиев туризм экономиканын келечектүү тармагы экенине токтолуп, ага чоң ишеним артыларын баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда турустерди тарта турган кооз жаратылыштын, тарыхый-маданий эстеликтердин жана меймандос элибиздин бар экенин кошумчалады.
Жыйындын аягында Өкмөт башчы туризимди өнүктүрүү максатында кабыл алынган протоколдун долбоорундагы бардык тапшырмаларды ыкчамдатууну тапшырды.