Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев : Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 772 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден-соолукту чыңдоочу комплекстерди жеке менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Таш-Рабат», «Сулайман-Тоо», «Санташ», «Жыргалаң», «Ысык-Ата» сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден-соолукту чыңдоочу комплекстерди жеке менчикке өткөрүп берүү зарыл деп эсептейм. Биз бул объекттер мамлекеттин кызыкчылыгында натыйжалуу иштешин каалайбыз. Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев туризм экономиканын келечектүү тармагы экенине токтолуп, ага чоң ишеним артыларын баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда турустерди тарта турган кооз жаратылыштын, тарыхый-маданий эстеликтердин жана меймандос элибиздин бар экенин кошумчалады.

Жыйындын аягында Өкмөт башчы туризимди өнүктүрүү максатында кабыл алынган протоколдун долбоорундагы бардык тапшырмаларды ыкчамдатууну тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM