Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев спортчуларга 2 млн сомдук сертификат тапшырды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 804 | 0

Бүгүн, 24-январда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын тосуп алууга арналган концерттик иш чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, жалпы спортчуларды куттуктады.

Өкмөт башчы Кыргызстан футбол боюнча тарыхта биринчи жолу жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп жатканын айтып, жеңүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экенин дүйнөгө көрсөткөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле өкмөт тарабынан 2 млн сомдук сертификат тапшырып, спортчулардын мыкты майрамдашын каалады.

Буга кошумча  Кыргызстанда стадион курула турганын айтып, жакында бул боюнча чечим кабыл алынарын белдирди.

Мындан сырткары Кыргызстандын баардык аймактарында  футбол аянтчаларын куруп жаткан жеке бизнесмендерге, коомдук активистерге ыраазычылык билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM