Биз менен байланышыңыз

Жаачылар Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 1 Мар 2021 | 684 | 0

22-27-февраль күндөрү жаа атуу боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн «Alpomish va Barchinoy» эл аралык мелдеште үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Кыз-келиндер жана эркектер арасында командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 3-орунду ээледи. Ошондой эле кыздар арасында Асел Шарбекова коло байгенин ээси болду.

Аталган мелдеште КМШ мамлекеттеринен келген 100дөн ашык спортчу катышты.

Белгилей кетсек, спортчулар иш сапарга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM