Биз менен байланышыңыз

Асел Садырова Жаа атуу боюнча дүйнөлүк мелдештин финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 28 мая 2019 | 588 | 0

Кыргызстандын белгилүү жаачы кызы Асел Садырова ушу күндөрү Түркияда өтүп жаткан Жаа атуу боюнча Фетих Султандын кубогуна арналган Бүткүл дүйнөлүк мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн «Салбуурун» федерациясынын президенти Алмазбек Акунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, кыргыз коомчулугун Аселди колдоого чакырган.

Анын айтымында, Асел бүгүн Түркиянын жаачы кызы менен финалда ат салышат.

Бул Түркияда өтүп жаткан чоң турнирге 60 мамлекеттен ашуун жаачылар келет. Ошондуктан, ал дүйнөдөгү эн чоң мелдеш болуп саналат.

Эске сала кетсек, Асел Садырова Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун алтын жана коло медалдарынын ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM