Париждин борборундагы булочка жасаган мекемеде жардыруу катталды.
Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, кырсыктан 3 адам каза таап, кырктан ашуун жаран жаракат алган.
Каза тапкандардын бирөө Испаниянын жараны болгон. Ал жолдошу менен эс алууга келгени белгилүү болду. Ал эми жаракат алган 47 адамдын онунун абалы өтөт оор.
Жардыруу 12-январ күнү Рю-де-Тревиз көчөсүндө жайгашкан булочка жасаган жайда орун алган. Жардыруудан улам мекемеге жакын жайгашкан үйлөрдүн терезеси сынып, өрт чыккан.
Полиция жарылуу газ себеп болгонун айтууда.