Биз менен байланышыңыз

Грецияда бардык журналисттер бир күндүк иш таштоо жарыялашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 816 | 0

Грециядагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык ЖМКнын өкүлдөрү бир күндүк иш таштоого чыгышты. Ага ылайык бүгүн таңкы саат 6дан эртең таңгкы 6га чейин өлкөдөгү бир дагы ЖМКда жаңылык, маалымат чыгарылбайт. Бул иш-чара эртең, 28-ноябрга карата пландалып жаткан жалпы элдик нааразылык иш таштоону утурлай уюштурулду.

Журналисттер бул иш таштоону өкмөттүн «кур тартуу(тамак-аш жана башка муктаждыктарды керектөөнү чектөө)» саясатына каршы экенин билдирүү учун жасашууда.

«ЖМК өкүлдөрү өлкөдөгү жумушчуларга, жумушсуздарга жана пенсионерлерге карата катаал экономикалык саясатка, кедейликке жана куугунтукка каршы курөшкө жигердүү катышып келет. Өзгөчө коомдун бардык катмарына таасир тийгизген кредиторлор менен өкмөттүн макулдашууларына каршыбыз«,-дейт уюштуруучулар тобу.

Мындан сырткары журналисттер бирдей эмгек шарттарын түзүүнү, жумуш орундары менен камсыз кылууну жана сөз эркиндигине тийишпөөнү талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM