26-29-ноябрь күндөрү муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиядагы мекендештер менен жолугат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Анда 3 күн аралыгында муфтий Якутск, Чита, Иркутск шаарларындагы мекендештер менен кезигет. Жолугушуу муфтияттын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарындагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиевдин демилгеси менен өтүп жатат.
26-ноябрь күнү Якутск шаарынын борбордук мечитинде саат 17:00;
27-ноябрь күнү Чита шаарынын борбордук мечитинде саат 17:30;
28-ноябрь күнү Иркутск шаарынын борбордук мечитинде саат 19:00дө болот