Биз менен байланышыңыз

Иран Ислам төңкөрүшүнө 40 жыл

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 548 | 0

Иран Ислам Республикасында аятолла Рухулла Хумейни башында турган төңкөрүшкө толук 40 жыл толду. Төңкөрүш өлкөдөгү шахтык режимди кулатып, шииттик Ислам шариятына негизделген башкаруу орногон. Ал дуйнөдөгү жалгыз шиттик режимди тургузган окуя болуп саналат.

1978-жылы башталган элдик толкундоолордун артынан Риза Пехлеви 1979-жылдын 1-февралында өлкөдөн качып чыгары менен Парижде сүргүндө жургөн Хумейни кайтып келген.   Франция эл аралык аба жолдорунун учагы менен Тегеранга конгон аятолланы миңдеген колдоочусу тосуп алган.

11-февралда убактылуу өкмөт түзүлүп, ошол эле жылы ал өлкөнүн башчысы болуп дайындалган. Он жыл бою бийликте турган Хумейни учурунда Шевернадзе менен Ясир Арафаттан башка эч бир президентке жолуккан эмес. Анын режими коңшу Ирак менен болгон 8 жылдык согуш менен коштолгон.

Эске салсак, Рухулла Хумейни 1902-жылы төрөлүп, 50 жашында шииттик ишенимде өзгөчө макам болгон аятолла статусун алган. 60-жылдан кийин ошол кездеги шахтык бийликке оппозиция болуп чыккан үчүн Иракка сүргүнгө айдалган. Иранда толкундоолор кызып турган учурда ал Ирактагы шиттердин борбору болгон Нажаф шаарында катуу көзөмөлдө отурган. Шах Пехлевинин талабы менен Ирактан чыгарылган соң Парижге барып, коомчулукка кайрылуулар менен чыгып, дүйнөлүк атакка жеткен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM