Биз менен байланышыңыз

Генерал Сулейманинин өлүмү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутабы?

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2020 | 1873 | 1

Иран генералы Касем Сулеймани Ирандын бийлик иерархиясында эң таасирдүү адамдардын бири катары эсептелген. Анын өлүмү бүткүл региондогу абалды кескин түрдө өзгөртүшү мүмкүн экенин дүйнөнүн бардык ЖМКлары жазып жаткан учур.

Таасирдүү генерал

Сулеймани өз учурунда Сириядагы жарандык согуш учурунда Башар Асаддын абалы кылдын учунда болуп, сириялык режим кулайын деп турганда өзү жеке жардам көрсөткөн. Ошондой эле ал Ислам мамлекетине каршы активдүү күрөш жүргүзүп, исламчылардын Мосулдагы стратегиялык максаттарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, ирактык Курдистанды коргоп, Тикрит шаарын бошотуу боюнча операциянын планын иштеп чыккан.

“Ал өмүр бою салгылашып келген. Жоокерлер аны абдан жакшы көрүшкөн. Бул киши өтө харизмалуу, мүнөзү токтоо, стратегияны мыкты билген гений жана жөндөмдүү тактик болгон” деп америкалык генерал-лейтенант Марк Хертлинг CNNге билдирген.

Сулейманин таасири Ирандын өзүндө да укмуштуудай болчу. Ал өлкөнүн жогорку лидери аятолла Хамениеге жакын болуп, 2016-жылы консерваторлордун атынан өлкө президенттигине талапкер катары каралган. The Guardian жазганына караганда, мерт кеткен генерал Иранда Хамениеиден кийинки экинчи адам болуп саналган. Чын-чынына келгенде бул кишинин кадыр-баркы учурдагы президент Хасан Роуханиникинен жогору болгон. Британ басылмасынын айтымына караганда, Ирандын учурдагы жетишкендиктерине Сулейманин таасири зор болгон.

Өч алышат

The New York Times Эл аралык кризистик топтун эксперттик борборунун жетекчиси Роберт Меллинин “Иран агрессивдик манерада жооп бербейт деп айтуу кыйын” деген сөзүн цитата кылган. АКШнын ЖМКлары Трамптан мурунку президенттер Барак Обама, Жорж Буш – кичүүсү Сулейманини Иран менен согуш оту тутанып кетет деген кооптонуудан улам аны өлтүрүүгө батынбайт болчу деп жазып чыгышты.

Ирандын жогорку лидери Хаменеи үч күндүк аза күтүүдөн кийин АКШга жана анын өлүмүнө себепчи болгондорго кыйратуучу сокку урарын билдирген. Өз учурунда Трамптын администрациясы NYT белгилегендей, тескерисинче, АКШ куралдуу күчтөрүнүн демонстрациясын Иранга көргөзөт. Ирандын провакациялык мүнөздөгү аракеттери жазаланбай калбайт деп опузалаган маанайдагы билдирүүсү тараган. Трамптын кеңешчилеринин пикиринде, Трамп көптөн бери “согушту каалабай тургандыгы тууралуу көптөгөн сигналдарды жиберген”.

 

Эскерте кетсек, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болду.

Ирандын таасирдүү командири түшкөн автоунаа дрондон урулган чабуулга кабылган. Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи “таасирдүү командир” деп аталган Касем Сулейманини өлтүргөндөрдү «кылмышкер» деп атап, буга жооптууларды жөн койбой тургандыгын билдирди. Ал АКШнын бул операциясын ирандыктарды Ак үйдүн саясатына эки эсе каршы турууга себеп болгонун кечээ, жума күнү улутка болгон кайрылуусунда билдирген.

Өз учурунда Ирандын президенти Хасан Роухани да өлкөсү АКШга каршы чечкиндүү каршылык көрсөтөрүн, Тегеран жана анын аймактагы союздаштары бул ишти жөн койбой, өч аларын билдирген.
Бул окуяга байланыштуу дүйнөлүк коомчулук да өз пикирин билдирип жатат.

Касем Сулейманин өлүмүн учурда бүт дүйнө жүзү кеп кылып турган чак. Өз кезегинде Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү кандуу окуяга баа берип жатып, эл аралык мамилелерде аскердик күчтү колдонууга каршы экенин билдирген.

Ошондой эле Франция президенти Эммануэль Макрон менен Орусия президенти Владимир Путин телефон аркылуу Касем Сулеймани өлүмү тууралуу сүйлөшүп, бул окуяга тынчсыздангандыгын билдиришкен. Алар АКШнын бул акциясы региондо абалды курчутат деген пикирин айтышкан.

Түркиянын ТИМинин айтымында, АКШнын Багдаддагы Касем Сулейманиге карата жасалган аскердик операциясы аймакта туруксуздукту жана АКШга болгон ишенимсиздикти жаратышы мүмкүн.

АКШнын армиясы бул операцияны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирди.

62 жаштагы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM