Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилиги: Green Card толтуруу жараяны башталды

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 84 | 0

АКШга мыйзамдуу иммиграция болуу үчүн Green Card лотереясын ойнотуу жараяны башталды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

DV-Lottery АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан жыл сайын мыйзамдуу иммиграция үчүн жүргүзүлүп келет. Грин-карт лотереясын утуп алуу АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири. Бул жылы Green Card лотореясына катталуу 2-октябрдан 5-ноябрга чейин уланат.

Грин карт — Америкада туруктуу жашоого мүмкүндүк берүүчү документ. Аны менен жаран АКШда мыйзамдуу иштей алат, туугандарына жана досторуна барууга, эс алууга, окууга, бизнес ачууга, саякаттоого, кыймылсыз мүлк сатып алууга шарт түзүлөт.

Грин картага тапшырууда эмнелерди эске алуу зарыл? Бул жерден окуңуз:

Green Card толтуруу жараяны башталды. Анкетаны туура толтуруу үчүн кеңештер

Copyright © 2017 Maral FM