Биз менен байланышыңыз

УКМК Бишкекте 900 млн сомдук имарат мамлекетке өткөнүн билдирди

Кыска кабар | 1 Окт 2024 | 77 | 0

Мурдагы «Октябрдын 40 жылдыгы» Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин аффилирленген жактар тарабынан Камчы Асанбектин пайдасына улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен чыгаруу фактысын аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматкан караганда, 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам жол – жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 000 чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери «Рос-Трейд» ЖЧКсынын (азыркы «Детский Мир» соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, анын директору А.М.С.- А.А. аттуу жарандын ишенимдүү адамы болгон.

«2009-жылы А.М.С. «Детский мир » соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, Камчы Асанбек менен өнөктөштүк мамилесин  түзгөн. Мында «Рос-Трейд» ЖЧКсынын үлүшүнүн 50%ы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар 3 кабаттуу имарат берилген.

Ал эми 2020-жылы А.М.С. аянты 10 000 чарчы метр болгон  «Детский мир» соода борборунун  имаратын  Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 млн. АКШ долларына сатып, келишимге ылайык аталган сумманын 2,3 млн. АКШ доллары К. Асанбекке берилген.

Ошондой эле, тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин деструктивдүү ишмердүүлүгүн А.М.С. тарабынан каржылоо фактысын тастыктаган маалыматтар алынган», — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Асанбектин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүшүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 млн. сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

Кылмыш ишинин алкагында А.М.С. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM