Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди. Ал №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.
Сузак шайлоо округунан депутат Тазабек Икрамов быйыл июлда мандатын тапшырган. Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кылычбаев 22-сентябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 10 174 добуш (48,32%) алып, жеңген.
Алтынбек Кылычбаев 47 жашта. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата журт” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.