Connect with us

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү сунушу: Алагөзов дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин айтты

Кыска кабар | 25 Окт 2024 | 291 | 0

Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевдин мамлекеттик гимнди өзгөртүү тууралуу айткан сөзүн анын жеке пикири катары кабыл алуу керектигин айтты.

«Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чара жүрүшүндө: «Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек»,- деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты».

Алагөзовдун сөзүнө караганда, эгер мамлекеттик гимн өзгөртүлө туган болсо, ага ачык сынак жарыяланат.

«Эгер мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт», — деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөрүшү керектиги тууралуу 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айткан.

Шакиевдин гимнди өзгөртүү тууралуу айтканы тартылган видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

«Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеби, гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек», — деп Шакиевдин айтканын аталган видеодон көрүүгө болот.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Copyright © 2017 Maral FM