Биз менен байланышыңыз

«Эми анализдин жыйынтыгын, дарыгердин кеңешин онлайн алууга болот»

Ден соолук , Коом | 2 Окт 2024 | 80 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен санариптик саламаттыкты сактоо программасы ишке кирди. Ал саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга багытталган. Программа калк үчүн маанилүү медициналык маалыматка жана кызматтарга жетүүнү жеңилдетет.

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев программанын бюджети 4,03 млн долларды түзүп, мөөнөтү 3 жылга созуларын маалымдады.

«Программа саламаттыкты сактоонун санариптик системаларын модернизациялоого, мамлекеттик электрондук кызматтарды жакшыртууга жана аз камсыз болгон жамааттарга жетүү үчүн телемедицинаны кеңейтүүгө кеңейтүүгө багытталган. Бул санариптик саламаттык сактоо демилгеси Кыргызстан үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Маанилүү медициналык маалыматка жетүүнү жакшыртуу менен биз саламаттыкты сактоону натыйжалуурак кылып, ар бир адам үчүн жыйынтыктарды жакшыртабыз».

Программа өлкөнүн санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар, айылдык жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылууга жардам берет.

Демилге Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары фонду аркылуу Европа Биримдиги, Испания жана Швеция катышуусу менен каржыланып, Туруктуу координатордун жетекчилиги астында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, БУУнун өнүктүрүү программасы, ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашууда.

БУУнун Кыргызстандагы Калк фондунун кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров долбоор Кыргызстан үчүн маанилүү демилге экенин белгиледи.

Анын айтымында, ЮНФПА бул долбоорго энелердин, балдардын ден соолугун жакшыртуу максатында катышууда.

«Бүгүн Туруктуу өнүктүрүү максаттары фондунун долбооруна катышып жатабыз. Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондусу атынан баарын куттуктайбыз. Анткени бул долбоор кыргыз эли үчүн аябдан маанилүү. Санариптик долбоорлор мамлекеттик деңгээлде болуп келет. Биздин долбоорго катышуудагы максатыбыз энелердин ден соолугун, ымыркайлардын ден соолугун жакшыртууга багытталган. Биринчиден, дарыгерлердин ортосундагы телемедицинаны колдонуп, консультацияларды берип, өзүбүздүн жардамды берүүгө аракет кылып жатабыз».

Программанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – жарандардын ден соолугу тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылган ден соолуктун санариптик профилин жакшыртуу.

Бул 3 млн эмдөө жазууларын Улуттук электрондук ден соолук карталарынын платформасына кошууну камтып, бир жашка чейинки 225 миңге жакын балага керектүү эмдөөлөрдү алууга жардам берет.

Мындан тышкары кеминде 200 миң адам лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын онлайн режиминде көрө алышат. Бул убакытты үнөмдөп, медициналык жардамдын сапатын жакшыртат.

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве бүгүнкү күндө санариптик технологиялар дүйнөнү өзгөртүп, коомго эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын айтты.

«Санариптик технологиялар биздин дүйнөнү өзгөртүп, коом жана планета үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Өткөн аптада дүйнөлүк лидерлер тарабынан Келечектин саммиттинде кабыл алынган Глобалдык санариптик келишим санариптик ажырымды жоюу, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу жана эч кимдин артта калбашын камсыздоо боюнча милдеттенме болуп саналат. Бул глобалдык көз карашты колдоо үчүн Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын бүткүл аймагында аялуу топторго, балдарга жана айыл жерлерине санариптик инструменттер аркылуу саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен программаны ишке киргизип жатат».

Программа ошондой эле аялуу топторду колдоого багытталган. ЮНФПАнын маалыматына караганда, 120 миңге жакын майыптыгы бар адам санариптик майыптык күбөлүктөрүн алышат. Ал эми 280 миң адам санариптик оору баракчаларына ээ болуп, керектүү кызматтарды ала алышат.

Ошондой эле телемедицина кеңейтилип, 14 жашка чейинки 700 миң балага санарип платформасы аркылуу медициналык консультацияларга мүмкүнчүлүк берилет.

Мындан тышкары 60 медициналык мекеме болжол менен 140 миң энеге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга атайын жардам көрсөтүлүп, алардын бардыгы EHR платформасына туташтырылат.

Copyright © 2017 Maral FM