Биз менен байланышыңыз

Green Card толтуруу жараяны башталды. Анкетаны туура толтуруу үчүн кеңештер

Блог | 6 Окт 2022 | 2038 | 0

Green Card лотереясы (же болбосо DV-Lottery) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан жыл сайын жүргүзүлүп келет. Грин-карт лотереясын утуп алуу АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири. Бул жылы Green Card лотореясына катталуу 5-октябрдан 8-ноябрга чейин уланат.

Грин карт — Америкада туруктуу жашоого мүмкүндүк берүүчү документ. Аны менен жаран АКШда мыйзамдуу иштей алат, туугандарына жана досторуна барууга, эс алууга, окууга, бизнес ачууга, саякаттоого, кыймылсыз мүлк сатып алууга шарт түзүлөт.

Эмнелерди билүү керек:

✅ Анкетаны расмий сайтта гана толтуруңуз: https://dvprogram.state.gov/ Ушул сайттан гана, башка жактан толтурбаңыз! Башка сайттардан толтурган чакта, расмий сайттагы анкета жараксыз болуп калышы мүмкүн.

✅ Лотореяга катышуу толугу менен бекер! Сиз утмайынча анкета толтуруу үчүн да, катталуу үчүн да эч нерсе төлөбөйсүз.

✅ Башка ортомчулардан жардам алуу үчүн кайрылуунун такыр кереги жок: анкета жөнөкөй, англисчени начар билген адам деле толтура алат. Негизгиси аты-жөнүңүздүн, дарегиңиздин англисче кантип жазыларын тактап алыңыз (жалпы жарандык паспорттон колдонсоңуз болот).

✅ Акыркы алты ай ичинде түшкөн фото гана жарактуу деп эсептелет. Фотошоп колдонулган сүрөттөр жарабайт. Сүрөткө туура түшүү үчүн атайын фотосалондордун кызматын пайдалансаңыз болот.

✅ Анкетаны толтуруп баштагандан тартып сайтта 1 саат берилет. Эгерде 1 сааттын ичинде толтуруп бүтпөсөңүз, кайра баштоого туура келет.

Анкета толтурууда көпчүлүк кетирген каталар:

❌ Туура эмес сайттарда анкета толтуруу; Грин карта толтуруу мезгилинде ар түрдүү шылуун сайттар да пайда болот. Андыктан этият болуңуз.

❌ Аты-жөнүн туура эмес көрсөтүү; Паспортуңуздагы аты-жөнүңүздүн англис тилинде жазылуусуна маани бериңиз.

❌ Сүрөттү даярдоодогу катачылык; Сүрөттү фотошоп менен оңдоого болбойт, эски сүрөттү колдонуу жарабайт.

❌ Үй-бүлө мүчөлөрүн толук көрсөтпөө; Эгер сиз үй-бүлө мүчөлөрүн толук көрсөтпөсөңүз, лотереядан уткан убакта документте көйгөй жаралышы мүмкүн.

❌ Анкетаны эки-үч кайталап толтуруу; Анкета бир эле жолу толтурулат. Толтурган анкетанын көчүрмөсүн сактап калыңыз, лотереянын жообун кароодо сөзсүз керек.

❌ Үй-бүлөлүк абалын туура эмес көрсөтүү; Мисалы сиз үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыз жана балдарыңыздын да сүрөттөрү соңку алты айда тартылган болушу зарыл жана алар тууралуу да маалыматты туура толтуруңуз.

❌ Жашаган дарегин туура эмес жазуу;

❌ Билими тууралуу маалымат, бул жерди кылдаттык менен толтурууга аракет кылыңыз; Бул аты айтып тургандай лоторея. Анда анкеталарды атайын программа тандайт. Бул жерде сиздин тил билүүңүз же билимиңиз маанилүү эмес.

П.С. Алгачкы күнү тапшырам дегендер көп болгондуктан расмий сайт жай, начар иштеши мүмкүн, ошондуктан бир күндөн кийин тапшырган оңоюраак болот. Бирок акыркы мөөнөткө чейин калтырбаңыз. Себеби, акыркы күндөрдө тапшыргандар алгачкы күндөгүдөн да көп болот.

❗ Дагы бир жолу айта кетчү жагдай, грин-карт үчүн анкета кабыл алган бир эле сайт болот. Ал https://dvprogram.state.gov/ cайты.

Грин-карт утуп алган кыргызстандыктарды Америкада эмнелер күтөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM