Биз менен байланышыңыз

Грин-карт утуп алган кыргызстандыктарды Америкада эмнелер күтөт?

Коом | 10 мая 2022 | 6096 | 0

Жыл сайын АКШда мыйзамдуу жашап, иштөөсү үчүн DV-лотерея б.а. грин-карт ойнотулат.  Быйыл да жыйынтыгы 8-майда чыгып, грин-карт уткандардын тизмеси жарыяланды. Лотереядан уткандар дароо эле Америкага кетеби? Грин-карт уткан жарандар ал жакка баруу үчүн кандай документтерди чогулат? Алгачкы сапарында эмнелерди эске алуу зарыл?

АКШга грин-карт уткандардын арасында Алтынай Жапарова да бар. Ал буга кубанганы менен, мындан аркы кадамдары кандай болорун билбей, чочулап турат.

«Менде азыр эми эмне болору, кандай болору жөнүндө такыр түшүнүк жок болуп жатат. Мисалы, уттум ооба, анан эмне кылам? Дароо кетип калбайт экенсиң. Бир жылдай документтерди чогултабыз деп уктум. «Негизи эмне жумуш кылам? Кайсы жакта жашайм? Маектешүүдөн кантип өтүү керек?» — деген суроолор пайда болуп, ойлондуруп жатат. Мен үчүн грин-карт утуп алгандар кантип, кандай, кайсы жерде жашап, эмне тиричилик жасашары кызык болуп жатат».

Америка бул программа үчүн жыл сайын 55 миңге чейин виза бөлөт. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 9 миллионго чукул адам катышат. А бирок виза алуу деген дароо эле жөнөп кетүү дегенди түшүндүрбөйт. Грин-карт уткандан кийин да бир жылга чукул убакыт даярдануу мөөнөтү берилет.

Төрт жыл мурун грин-карт утуп алып, АКШга үй-бүлөсү менен көчүп кеткен Гүлназ Мамытова буларга токтолду:

«Грин-карта утуп алгандан кийин DS-260 анкетасын толтурушуң керек. Аны толтурууда маалыматтарды англис тилинде туура жазып жатканыңа, сүрөттү туура тандаганыңа, дарегиң, үй-бүлөлүк абалың, билимиң тууралуу маалыматтардын так экенине көңүл бур. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн өзүнчө DS-260 толтурулат. Бул маанилүү учур, эгер сен бүт үй-бүлө үчүн бир форма толтурсаң, анда дароо эле грин-карт программасынан чыгып каласың. Андан кийин маектешүүгө убакыт келет. Анүчүн сага бардык документтин түп нускасы жана англис тилиндеги котормосу, медициналык кароодон өткөнүң тууралуу маалымдама, башкысы, маектешүүгө чакыруу алганыңды тастыктаган документ керек болот. Маектешүүгө баруу үчүн атайын даярдануунун, интернеттеги илимий трактаттарды же күнүмдүк кеңештерди окуунун кажети жок. Эске ала турган нерсе, суроолорго так, ачык, эч нерсени жашырбай, калп айтпай жооп берүү талап кылынат. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтсөң, Америкага жолдомо берилет. Америка мыйзамы катуу, тыкыр көзөмөл менен иштеген өлкө экени белгилүү. Бара тургандар мыйзамга баш ийип, сабырдуу болуп, ортодон акча бере калып, «документ иштерин тезирээк бүтүрө калайын» деген аракеттерге барбашы керек». 

Албетте, виза алгандардын баары эле барууга даяр болуп чыкпайт. Айталы, ким бирөө визанын чыгымын төлөй албай калышы мүмкүн; ким бирөө медициналык кароодон өтпөй калышы мүмкүн; ким бирөө аңгемелешүүгө толук даярданбай барып алышы мүмкүн, ким бирөөнүн документтери толук болбой калышы мүмкүн; айтор, грин-карт уткандын баары эле АКШга жөнөп кетпейт.

Мамытова Америкага бара тургандар моралдык жана каржылык жактан да даяр болушу керек деп эсептейт.

«Америкага каржылык жактан жакшы даяр болуп келүү керек. Себеби бул жакта бир бөлмөлүү батирдин эң арзаны 1000 доллар, эки-үч бөлмөлүүлөр 1500 доллардан жогору болот. Эгер үй-бүлөлүү, балалуу болсоң, анда метро, автобус менен жүрүү да кыйын, ошондуктан унаа алуу зарылчылыгы пайда болот. Буларды эске алганда башында бир топ эле каражат менен келсең, өзүңө эле жакшы болот. Анткени келгенде дароо эле жумушка орношо албайсың. Документтерди бир нече жума күтүүгө туура келет. Бул убакыт ичинде тамак-аш, баскан-турганыңа капчыгыңда акчаң болушу керек. Алгач Америкага келгенде тааныштардын же туугандардын үйүндө документтер бүткөнгө чейин жашоого туура келет. Келгенде эле дароо батир ала албайсың. Туугандарың же тааныштарың ортомчу болуп, анан алар аркылуу алсаң болот. Ошондуктан Америкада күтүп алар бирөө-жарым болгону жакшы».

Грин-карт жана башка документтер колго тийип, уруксат берилгенден кийин АКШ жарандары сыяктуу укукка ээ болуп, каалаган жумушка орношууга болот. Эң башкысы, англис тилин үйрөнө келүү пайдалуу. Себеби тил билбегенден улам көптөгөн кыйынчылыкка тушуккандар да бар.

Мамытова булардан тышкары кредиттик карта ачып, акчаны туура сарптоо керектигин эскертти.

«Америкага келгенден кийин капчыгыңда акча болот. Сага социалдык камсыздандыруу номуру берилгенден кийин сөзсүз түрдө банкка барып, кредиттик карта ачтыртып ал. Кредиттик карта менен дебеттик карта ачтырасың. Бардык муктаждыгыңды кредиттик карта менен төлөп, аны дебеттик карта менен кайра толтуруп турсаң, кредиттик тарыхың бат эле көтөрүлүп, жарым жыл же бир жылга жетпеген убакта өзүңдүн атыңа батир же унаа алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калат. Кыргызстанда «кредит» дегенде эле баары чочулашат. Бул жерге келгенде да ошондой кабыл алышың мүмкүн, бирок эч коркпо, келгенде дароо депозит алып, кредиттик карта ачтыртып алсаң, келечегиңе жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет».

Жумуш табуу маселеси да суроо жаратпай койбойт. Тил билгендер каалаган жумушуна орношо алат. Ал эми тил билбегендер алгач кара жумушта иштөөгө туура келет. Андай жумуштун деле акчасы аз болбойт, үй-бүлө багып, тиричилик кылганга жетет.

Шерикбай Орозбаевдин Америкада жашап жатканына 8 ай болду. Ал грин-карт аркылуу жарандар иштей ала турган жумуштарды атады.

«Жаңы келгендер жеткирүү кызматында, кафе-ресторандарда, такси кызматында иштесе болот. Бирок такси кызматында иштөө үчүн АКШнын айдоочулук күбөлүгү болушу зарыл. Ал эми, тил билгендер, тажрыйбасы барлар банк тармагында, ар кандай компанияларда, же билим берүү, IT тармагында иштей алат». 

Грин карта — Америкада туруктуу жашоого мүмкүндүк берүүчү документ. Аны менен жаран АКШда мыйзамдуу иштей алат, туугандарына жана досторуна барууга, эс алууга, окууга, бизнес ачууга, саякаттоого, кыймылсыз мүлк сатып алууга шарт түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM