Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Париждеги Олимпиаданын ачылышына катышат

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында 25-июлда Садыр Жапаровдун Париж саммитине катышуусу пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы Кыргызстан балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарга берилгендигин ырастайт.

26-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.

Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат. Олимпиадалык оюндар 24-июлда башталып, 11-августта аяктайт.

Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы мелдештеринин графиги

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM