Биз менен байланышыңыз

Арстан Алайдын өлүмү боюнча айыпталган абак кызматкерлеринин бири каза болду

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 486 | 0

Коомдук ишмер Арстан Алайдын өлүмүнө байланыштуу №31 түзөтүү абагынын бир кызматкери тергөө учурунда каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Арстан Алайдын өлүмү боюнча №31 түзөтүү мекемесинин беш кызматкерине кылмыш иши козголгон. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси («Шалаакылык») боюнча айыпталууда. Иштин материалдары Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

«Арстан Алай» каймана ысымдуу ишкер Арстанбек Абдылдаев 2023-жылы 15-декабрда «диний кастыкты козутту» деген шек менен камакка алынган.

Анын №31 дарылоо мекемесинен каза тапканы тууралуу маалымат ушул жылдын 5-январында тараган. Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы расмий билдирүү жасап, маркумдун ашканада асынып алганын кабарлаган.

Бул өлүм боюнча Башкы прокуратура атайын комиссия түзүп, алардын корутундусунун негизинде ЖАМКнын айрым кызматкерлерине «шалаакылык» беренеси менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. 

Copyright © 2017 Maral FM