Биз менен байланышыңыз

Арстан Алайдын өлүмү боюнча айрым кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 267 | 0

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча айрым кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура №31 түзөтүү колониясында эмгектенген кызматкерлерин Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси менен айыптап жатат.

«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 31 мекемесинин жооптуу кызматкерлери «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткарбай, айыпкер өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында 2024-жылдын 5-январында А. Абдылдаевдин асынып каза болгондугу аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатканы белгилүү болду.

Айта кетсек, эл ичине «Арстан Алай» деп таанылган Арстанбек Абдылдаевдин №31 түзөтүү колониясында каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жазаларды аткаруу кызматы аны «ашканада асын алган» деген маалымат тараткан. Ишти иликтөө үчүн Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура атайын комиссия түзгөн.

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын өлүмү тууралуу маалымат берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM