Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын өлүмү тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 6063 | 0

Жазаларды аткаруу кызматы Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү тууралуу маалымат таратты. Анда айтылгандай, 5-январда таңкы саат 05:15 чамасында Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө айыпталуучу Абдылдаевдин асылып турган сөөгү табылган.

Абдылдаев 15-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган. 16-декабрь күнү Бишкектин Октябрь райондук соту ага карата Бишкектеги №1тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасын колдонгон.

«28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, Абдылдаев «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.

№31 мекемеге келгенден кийин 29-декабрь күнү мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала «такталбаган психотикалык инсандык бузулуу», «коронардык жүрөк оорусу», «өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору» диагнозу коюлган. Клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

5-январда саат 04:52 чамасында Абдылдаев абактын дарылоо мекемесинин ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган» , -деп айтылат маалыматта.

Сөөктү кароодо жаракаттар табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факт катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Арстан Алайдын сөөгү 5-январда №31 түзөтүү мекемесинде табылганын жактоочу Кайсын Абакиров айтып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM