Биз менен байланышыңыз

УКМК Арстан Алай кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 643 | 0

Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча «Арстан Алай» каймана аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ага кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин Facebook, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.

«Ал өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген. Жашаган жеринде жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайларында тинтүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынды» , —  деп айтылат маалыматта.

Бир күн мурун Арстанбек Абдылдаевдин жакындары ал дайынсыз болуп жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM