Биз менен байланышыңыз

Нарын жана Чүй облустарына 100 чакырымдан ашык була-оптикалык кабель тартылды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 92 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдын июнь айында башталган Digital CASA-KR долбоорунун 4-этабын ишке ашыруунун башталышы боюнча маалымат берди.

Анын алкагында Чүй жана Нарын облустарына 104,7 чакырым оптикалык була кабели тартылды. Бул Кыргызстанда заманбап санариптик инфраструктураны түзүү үчүн маанилүү кадам болгону белгиленди.

Digital CASA-KR долбоорун «Кыргызтелеком» ишканасы ишке ашырууда. Анын максаты, өлкөнүн бардык жарандарын жана мамлекеттик мекемелерин сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу болуп саналат.

26 калктуу конушту жана 195 мамлекеттик объектилерди интернетке туташтыруу пландаштырылууда.

Долбоордун биринчи үч этабын ишке ашыруунун алкагында 2247,6 чакырым оптикалык була линияларын куруу аяктады.

Долбоордун бардык этаптарын аяктоо 2024-жылдын сентябрынын аягында пландаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM