Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык ажылардын дагы бир тобу Бишкекке келди

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 202 | 0

Бүгүн, 4-июлда Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылыкка баргандардын бир тобу Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл ажылыкка баргандар 22-июндан тарта Кыргызстанга кайта башташты. Буга чейин жарымынан көбү Ош шаарына келишкен. Учурда Бишкек шаары, Талас, Ысык-Көл, Нарындан барган ажылар кайтууда. Зыяратчылардын эң акыркы рейси 8-июль күнү аткарылат.

Кыргызстанга быйыл ажылык зыяраты үчүн 6060 квота бөлүнгөн. Муфтият Меккеде каза болгондор арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин буга чейин маалымдаган.

Быйл Меккеге ажылыкка баргандар арасынан 1300дөн ашык адам каза болду. Алардын көбү атайын каттоодон өтпөгөндөр экени кабарланган.

Муфтият: Ажылыкта кыргызстандыктар жабыркаган жок

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM