Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Ажылыкта кыргызстандыктар жабыркаган жок

Кыска кабар | 21 Июн 2024 | 308 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин айтты.

Ал «Маралга» кабарлагандай, Кыргызстандан барган зыяратчыларга бардык шарттар түзүлүп берилди. Аптаптуу ысыкта жабыркагандар болгон жок.

Сауд Араб падышачылыгынын ажылык министрлиги 19-июнда жыйын өткөрүп, ажылыкты өткөрүүнүн жыйынтыгын талкуулаган. Анда Кыргызстан тууралуу сөз болуп, ажылыкты уюштуруу штабына бардык мыйзам талаптары так аткарылганы үчүн ыраазычылык айтылган.

22-июндан тарта ажылардын алгачкы тобу Кыргызстанга кайтат, 8-июлга чейин толук келишет.

«Кыргызстандык ажыларга бардык шарттар түзүлүп берилген. Алар кайсы жерде болбосун, ажылык башталгандан тарта заманбап үлгүдөгү чатырлар, абаны салкындаткан кондиционерлердин алдында ажылык ибадаттарын жасашты. Аптапта кырсыкка кабылган учурлар болгон жок. Муфтият Меккедеги ажылыкты уюштуруу штабы менен тыгыз байланышып, утур-утур маалымат алып турдук» , — деди Максат Атабаев.

Франс Пресс агенттиги X социалдык тармагында өз булактарына таянуу менен Сауд Арабияда ажылык маалында каза болгондордун саны миңден ашканын, алардын көбү каттоодон өтпөгөн зыяратчылар экенин билдирди.

Арасында Египеттин 658, Индиянын 68, Иорданиянын 60, Пакистандын 35, Тунистин 35 жараны бар. ТАСС агенттингинин маалыматы боюнча ажылык учурунда каза болгондордун арасында беш орусиялык бар.

Copyright © 2017 Maral FM