Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 121 | 0

24-майда күндүз жана 25-26-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

Бул күндөрү батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрөт. Бул жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч туудурат.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 24-25-26-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-майга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүзгү +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM