Биз менен байланышыңыз

Президент банк кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 10 мая 2024 | 153 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда Кыргызстандын банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал бүгүнкү күндө банктар финансылык ортомчу кызматын көрсөтүү менен экономиканын маанилүү секторлорунун бири экенин белгиледи.

Банктар экономиканын артыкчылык берилген тармактарын каржылоо, заманбап банк кызматтарын сунуштоо аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

«Өлкөбүздүн банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн, анын ичинде насыя көлөмүн көбөйтүү, депозиттик базаны жана капиталды өстүрүү менен өзүнүн туруктуу өнүгүүсүн улантууда. Азыркы заманбап шартта санарип технологияларынын өнүгүүсүн, дүйнөлүк тенденцияны жана чакырыктарды эске алганда, банк секторуна санарип инфратүзүмдүн потенциалын өстүрүүнү, инновациялык өнүмдөрдү кеңири колдонууну, туруктуу каржылоо принциптерин жана жашыл экономиканы ишке киргизүүнү тездетүүсү зарыл» , — деди президент.

Урматтуу банк системасынын кызматкерлерине кесипкөй, жана билимдүү болуу заман талабы экенин кошумчалады.

10-май банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын күнү. Сом алгач жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында чыккан.

Кыргыз сому менен СССР рублинин катар колдонулушуна 5 гана күн уруксат берилген. 1993-жылдын 14-майынан тарта сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты катары киргизилген.

Улуттук банктын маалымдашынча, сомдун кабыл алынышы өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатын аныктоого негиз болгон.

«Күнүмдүк керектөө үчүн колдонушууда». Насыя алгандардын саны көбөйдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM