Биз менен байланышыңыз

«Күнүмдүк керектөө үчүн колдонушууда». Насыя алгандардын саны көбөйдү

Коом , Экономика | 3 Апр 2024 | 849 | 0

Кыргызстанда насыя алгандардын саны 10 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, берилген насыялардын суммасы 29,5% көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад облустарында. Адистер насыя алгандардын санынын өсүшүнө инфляция жана жакырчылык себеп болуп жатканын айтышууда.

Расмий маалыматтар боюнча, насыянын 48%ы турмуштук керектөөгө, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5%ы курулушка алынган.

Экономист Искендер Шаршеев насыя алгандардын көбөйүшүнө инфляциянын өсүп жатканын жүйөө келтирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө инфляция кирешенин өсүшүнүн ылдамдыгынан тез болууда. Учурда эч кимге акча жетишпейт.

Ошондой эле ал азыркы күндө кымбатчылык олуттуу сезилип жатканын белгиледи.

«Насыя алгандардын көбөйүп жатканына инфляция себеп болууда. Мамлекеттин ичинде сомдун көлөмүнүн көбөйүшү, ошондой эле сырттан дагы доллардын санын көбөйткөндүн эсебинен глобалдык инфляция болуп жатат. Анткени доллар резеврдик валюта. Биздин өлкөдө интервенция кылганда, ички дагы инфляция болуп жатат. Бүгүнкү күндө инфляциянын ылдамдыгы кирешенин өсүшүнүн ылдамдыгынан тезирээк жүрүүдө. Бүгүнкү күндө акча эч кимге жетишпейт. Азыр кымбатчылык да болуп жатат. Аябай сезилүүдө. Жалпы товарларды алганда 40 пайызга өсүп кетти».

Улуттук банктын маалыматына караганда 2022-жылы банк секторунун кардарларынын насыя портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн. 2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 23 млрд сомго өскөн.

Анын ичинен эң көп насыя соодага (56,2 млрд сом), айыл чарба тармагына (37,1 млрд сом) жана керектөө муктаждыктарына (33,1 млрд сом) алынган.

Экономист Төлөнбек Абдыровдун айтымында, насыялар – финансы-кредит системасынын негизги куралы.

Абдыров насыя алуучулардын санынын көбөйүп жатканына эки факторду негиз келтирди.

«Бул насыялар финансы-кредит системасынын негизги куралы болуп эсептелет. Акча айланууда насыя берүү негизги шайман катары кызмат кылат. Насыя алуунун пайызынын көтөрүлүшү эки түрдүү караса болот. Биринчиси, насыя алуунун шарттарынын жеңилдеши, ошондой эле пайыздык ченемдери азайганына байланыштуу насыя алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Экинчиси, насыя алгандардын көбөйүшү инфляцияга байланыштуу болууда».

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү берилген насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө колдонот. Расмий маалыматтарга ылайык, ар бир экинчи алынган насыя буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Ал эми айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.

Керектөө насыясы адамдын күндөлүк турмушу үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга берилет. Мындай насыя узак мөөнөткө колдонуучу товарларды (эмерек, тиричилик техникасы, уюлдук телефон, унаа, азык-түлүк ж.б.) сатып алуу үчүн эле эмес, окуу жайлардагы төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, саякат, турак жайды оңдоо өңдүү керектөөгө да алса болот.

Банк же насыя берүүчү уюм керектөө насыясын иштетүүнү көзөмөлдөбөйт жана анын максаттуу иштетилишине кызыкпайт.

Экономист Эрлан Камалов өлкөнүн экономикасы өскөнү менен калк арасындагы жакырчылык жоюла электигин айтат.

Ал бүгүнкү күндө айыл жергесинде жашагандар күнүмдүк жашоосун өткөрүү үчүн насыя алууга мажбур экенин белгиледи.

Мындан тышкары ал мамлекет учурда жакырчылыкты жоюу максатында бир катар долбоорду ишке ашырып жатканын кошумчалады.

«Жалпы экономика өстү. Пенсиялар, мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Бирок элдин жакыр жашаган катмары да бар. Акча тартыштыгы бар үй-бүлөлөр көп. Мисалы айылда жашагандар, чарба менен алектенгендердин көбү кирешенин аздыгынан же жоктугунан насыя алууга аргасыз болууда. Алардын көпчүлүгү насыя алып, күнүмдүк тиричилигин кылып жүрүшөт. Мамлекет жакырчылыктан чыгуу максатында «Социалдык келишим» долбоорун ишке киргизген. Мамлекет да буга көңүл буруп жатат. Мындай долбоорлордун санын көбөйтүү керек».

Керектөө насыясы негизинен эки түргө бөлүнөт. Максаттуу насыя кардардын белгилүү бир керектөөсүнө багытталып, каражат анын колуна түз берилбейт. Банк акчаны сатуучуга же кызмат көрсөткөн тарапка которуп берет. Адатта мындай насыя дүкөндөр, туристтик фирмалар же жеке клиникалар аркылуу сунушталат.

Ал эми максаттуу эмес насыялоодо бөлүнгөн каражат кардардын колуна накталай берилип, өзү каалаган ишке жумшоого мүмкүнчүлүк берилет. Мындай насыялардын тобокелдиги чоң болгондуктан, аны берүүнүн шарттары катаалыраак жана пайыздык үстөгү көбүрөөк болот.

Copyright © 2017 Maral FM