Биз менен байланышыңыз

УКМК Бишкектеги 12 кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтарганын кабарлады

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 79 | 0

Бишкек шаарында 996,18 чарчы метр аянтты түзгөн 12 даана кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Бул мүлктүн баасы 127 млн сом деп бааланган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «П» курулуш компаниясы тарабынан 12-кичирайонунда жайгашкан мыйзамсыз берилген жер тилкесине көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп жаткандыгы аныкталды.

2006-жылы Бишкек шаарынын башкы планынын авторлорунун бири – А.А.М., мэриянын жана “Кадастр” мекемесинин шаардык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, жасалма токтом менен аффилирленген жактарга жалпы аянты 0,2 гектар муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнгөндүгү такталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелерин А.А.М. аттуу жарандын жакын туугандарына жана Бишкектин аймагында жашабаган башка жактарга берүү фактылары аныкталып, документтештирилген.

Кийинчерээк бул жер тилкелерин пайдалануу укугу «П» курулуш компаниясына өткөрүлүп берилип, учурда аталган компания 12 кабаттуу турак жайды куруп жатат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кабыл алынган комплекстүү иш-чаралардын жыйынтыгында курулуш компания мэриянын балансына 12 кыймылсыз мүлктү өткөрүп берди.

Учурда бул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM