Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүйдүн айланасында катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Бул аймактарда күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.