Биз менен байланышыңыз

26-апрелде көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 93 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17… +22,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18…+23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +13…+18,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 11…+16.

Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM