«Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унааларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын ишинде үзгүлтүктөр катталууда.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда системаны калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө.
Кечээ, 24-апрелде «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда саат 15:00 дөн 17:30га чейин каттоо системасынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.