Биз менен байланышыңыз

24.04.24: Кыргызстанда 300дөн ашуун түгөй баш кошту

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 130 | 0

Кыргызстанда 24-апрелде 317 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө жалпы 73 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырды. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 15 салтанат өттү.

Министрлик билдиргендей, акыркы убакта Кыргызстанда кооз даталарда баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы апрель айындагы «кооз» күндөрдө баш кошкон түгөйлөрдүн сан-эсебин алып көргөн.

Никелешүүнү каттоо санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM