Биз менен байланышыңыз

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 97 | 0

Азербайжандын Баку шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы болуп, ага бул өлкөдө мамлекеттик сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышты.

Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун мурасына болгон өзгөчө жылуу мамилеси жана залкар жазуучуга арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга кошкон салымы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

Жазуучунун эстелигин орнотуу Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин ортосундагы терең байланышты, тарыхый мурастарды сактоодо жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи.

Эстелик Баку шаарынын Азадлык — борбордук көчөлөрүнүн бириндеги паркка орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM