Биз менен байланышыңыз

1-класстагы баласы сабалган эне акыйкатчыга кайрылды

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 173 | 0
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 1-класстын окуучусу сабалганы боюнча комментарий берип, укук коргоо органдарына кайрылды.

Акыйкатчы эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө жол берилбей турганын, мамлекеттик органдар зордук — зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алышы керектигин айтты.

Сабалган жети жашар баланын апасы Акыйкатчы институтуна кайрылып баласынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Баласы сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калганын, денесинде көк-ала тактар бар экенин айткан.

Андан сырткары ал ишти караган тергөөчүгө арызданып, кайдыгер мамиле жасап жатканына даттанган.

Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү.

Ошондой эле, эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чаралар көрүлдү.

Акыйкатчы балага карата жасалган кылмышка олуттуу жаза берилиши керектигин белгилейт.

12-апрелде Бишкектин тургуну Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде 1-класстагы баласы себепсиз сабалганы боюнча милицияга арызданган.

Бул факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 1990-жылы туулган К.Д. аттуу шектүү кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган.

Үч күндөн шектүү жаран үй камагына чыгарылганын жабырлануучунун апасы айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM