Биз менен байланышыңыз

Парламент электросамокат тебүүнү жөнгө салган мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 146 | 0

Жогорку Кеңеш 24-апрелдеги жыйынында «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө «мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, электр самокаттарынын жүрүүсү үчүн атайын тилкелер бөлүнүп, аларга жогорку ылдамдык чеги коюлушу керек.

Ошондой эле электр самокаттарын колдонгондор тарабынан жол эрежеси бузулган учурда миң сом айып салуу, мас абалында эреже бузгандарга 3 миң сом айып салуу сунушталган.

Демилгечилер акыркы мезгилде электр самокаттарынын катышуусунда жол кырсыктарынын жана жабыркагандардын саны көбөйгөнүн белгилешет. Бирок ошол эле учурда жол кыймылы жана транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарда электр самокат деген түшүнүк жок болгондуктан аларды пайдаланууда келип чыккан мамилелер жөнгө салынган эмес.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM