24-26-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
25-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19… +24,
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+21,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 13…+18.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.