Биз менен байланышыңыз

УКМК Сузак районундагы «положенецти» кармады

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 62 | 0

Жалал-Абад шаарында чет элдик жарандан акча талап кылууга шектелип кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча кылмыш чөйрөсүнүн активдүү колдоочусу А.Ю. аттуу жаран колго түшүрүлдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө кармалган А.Ю. аттуу жаран кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүнү убада кылып, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлктүн документтерин алганы аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандын мурда кабыл алынган милдеттенмелерин аткаруу жана кыймылсыз мүлк документтерин кайтарып берүү талаптарынын мөөнөтү аяктагандан соң, А.Ю. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары, тагыраагы, Сузак районунун өзбек калкы жайгашкан бөлүмүндөгү «положенец» деп тааныштырып,  чет өлкөлүк жарандын документтерин кайтарып берүү үчүн физикалык күч колдонуу менен коркутуп, кошумча сумма төлөп берүүнү талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM