Биз менен байланышыңыз

Билим берүү уюмдарына лицензия электрондук түрдө бериле баштайт

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 82 | 0

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана жиберилиши керек.

Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтүшү керек.

Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM