Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 107 | 0

«Ишеним» саясий партиясынан Советбек Рустамбек уулу Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-апрелде аны Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги берген.

Советбек Рустамбек уулу парламентке Эмилбек Жусуповдун ордуна келди.

Эмилбек Жусупов 21-апрелде мандатын тапшыруу боюнча өз ыктыяры менен арыз жазганы белгилүү болгон.

Бир жыл мурун Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын өткөрүп, Эмилбек Жусупов негиздеген «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жатканын айтышкан. Алар компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жаткан жарандар боюнча айтылгандарга жооп берип, аталган курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, батирлерин ала албай алданып калгандарга тиешеси жок экенин билдирген.

Жусупов 2017-2018-жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору болгон. 2018-2021-жылдары  – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти болгону Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM