Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч эм төрөлдү

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 87 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте 19-апрелде шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33-жумасында эрте төрөт коркунучу менен ооруканага түшкөн. 1930 гр., 2660 гр., 2660 гр. салмактагы эркек балдар төрөлгөн.

Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM