Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапары менен барат

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 128 | 0

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барарын Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө башчылары эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, кыргыз-казак алакаларын талкуулашат.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары, Казакстанда кыргы-казак бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM